Президент Эрдоган Этьен Гернель жана жазуучусу Ромаин Губертти айыптады
Президент Р. Т. Эрдоган Францияда чыккан Le Point журналынын башкы директру Этьен Гернель жана жазуучусу Ромаин Губертти айыптады.
![Президент Эрдоган Этьен Гернель жана жазуучусу Ромаин Губертти айыптады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/2a76/779f/3b5e/5da9a12fe3071.jpg?time=1718513751)
Президент Р. Т. Эрдоган Францияда чыккан Le Point журналынын башкы директру Этьен Гернель жана жазуучусу Ромаин Губертти айыптады.
Президент Эрдогандын адвокаты Хүсейин Айдын Эрдогандын атынан Анкара республикалык башкы прокуратурасына берген 11 беттик айыптоо арызында бул журналдын 24 - октябрдагы санынын мукабасында Эрдоганга фотографиясын да колдонуу менен акаарат кылынгандыгы белгиленди.
Шектүү кишилердин 5237 номердүү Түрк Кылмыш - Жаза Кодексинин 299 - беренесиндеги «Президентке акаарат» кылмышын кылгандыгы билдирилген арызда ушул боюнча жүргүзүлө турган териштирүүдө түрк адилеттик мекемелеринин мыйзамдуу түрдө жооптуу жана милдеттүү экендиги билдирилди.
Арызда өткөн күндөгү сот чечимдери боюнча шектүүлөр колдонгон сөздөрдүн ой жана сөз эркиндигинин алкагында саясий талаш – тартыш ичиндеги көз караш катары каралышынын да мүмкүн болбой тургандыгы баса белгиленди.
Шектүүлөр Этьен Гернель жана Ромаин Губерттин президент Эрдоганды бутага алган жазууда ар – намысы жана кадыр - баркына доо кетирген сөздөрдүн бар экендиги белгиленген арызда коомдук доо ачууну талап кылды.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган Курман айт майрамы менен куттуктады](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/888d/9070/c1aa/666d4c619aedd.jpg?time=1718513752)
Эрдоган Курман айт майрамы менен куттуктады
Эрдоган Курман айт майрамына карата видео кайрылуу жарыялады.
![Измир жакындарында мыйзамсыз мигранттар куткарылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/b784/abba/cbc3/666d48ce9841e.jpg?time=1718513752)
Измир жакындарында мыйзамсыз мигранттар куткарылды
Мыйзамсыз мигранттар процедуралардан кийин облустук миграция башкармалыгына жөнөтүлдү.