Президент Эрдоган : «Күрттөргө душман эмеспиз. Биздин маселебиз террористтер»

"Ал жерлерде булактар көп болгону үчүн биз буга "Тынчтык булагы" болсун дедик".

1294354
Президент Эрдоган : «Күрттөргө душман эмеспиз. Биздин маселебиз террористтер»

Президент Р. Т. Эрдоган  : «Күрттөргө душман эмеспиз. Биздин маселебиз террористтер», –   деди.

Президент Эрдоган Түркия радио телекөрсөтүү мекемеси ТРТда күн тартиби тууралуу маалымат берди.

Эрдоган : «Террордук уюмдун башында тургандар менен  Германия, Франция, АКШ сүйлөшүүдө. Код аты Мазлум деп аталган террорист кызыл бюллетень менен изделүүдө. АКШ аны бизге тапшырышы керек»,–   деди.

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан  Сирияда Евфрат дарыясынын чыгышында жүргүзүлгөн жана  аяктаган "Тынчтык булагы" операциясына да токтолду. «Ал жерлерде булактар көп болгону үчүн биз буга "Тынчтык булагы" болсун дедик. Тынчтык булагы операциясы да  ушундайча башталган болду», –   деди Эрдоган.

Эрдоган : «Биз күрттөргө душман эмеспиз. Биздин маселебиз террористтер. Биз жаңыдан жандандыруу үчүн келдик, кулатуу үчүн эмес», –  деди.

Эрдоган операциянын Айн ел – Араб аймагын камтып же камтыбай тургандыгына абалдарга карата чечим чыгарышарын айтты.

НАТОдо  Түркиянын стратегиялык өнөктөшү болгон АКШнын террордук уюмга  отуз миңден ашуун  курал жана ок дары жүктөлгөн фураны  тапшыргандыгын айткан президент : «Сириядагы оор куралдардын ылдам түрдө тазаланышы же булардын Түркияга калтырылышы. Биз НАТОдо бирдикте эмеспизби? Буларды бизге беришсин», –   деди.  

АКШнын президенти Дональд Трамп менен жакын мамиледе экендерин да белгилеген президент Эрдоган 13- ноябрдагы чакырууга бир делегация менен барарын да билдирди.  

 

 

 



Тектеш кабарлар