Террористтер Сирия Улуттук Армиясына кол салды

Бомбалуу жан кечтилик кол салууда 3 аскер шейит болуп, 18 аскер жараланды.

1292544
Террористтер  Сирия Улуттук Армиясына кол салды

ЙПГ/ПКК террордук уюмдун террористтерин «Тынчтык булагы» операциясына катышкан Сирия Улуттук Армиясынын аскерлерине карата жасаган бомбалуу жан кечтилик кол салууда үч аскер шейит болуп, он сегиз аскер жараланды.

Түркия менен АКШнын ортосунда түзүлгөн жана террористтердин 120 саат ичинде аймактан чыгышы максатында операцияга тыныгуу берилишин күткөн макулдашуу ЙПГ/ПКК тарабынан бузулду.

Террористтер Шанлыурфанын Акчакале районунун маңдайындагы Сирия жерлеринде  орун алган Тель Абяд элетинде фронттогу позицияларын коргогон Сирия Улуттук Арамиясынын аскерлерине бомба жүктөлгөн унаа менен жан кечтилик кол салуу жасады.  

Кол салууда Сирия Улуттук Армиядан үч аскер шейит болуп, он аскер жараланды.

Жейланпынар районунун маңдайындагы Сирия жерлериндеги Расулайнда да коопсуздукту түзүү үчүн изилдөө иштерин жүргүзгөн Сирия Улуттук Армиясынын аскерлеринен сегизи да жайгаштырылган гранатанын жардырылышы менен жараланды.

9 -  октябрда башталган «Тынчтык булагы» операциясына катышкан Сирия Улуттук Армиясынан ушул кезге чейин  сексен төрт аскер шейит болуп, үч жүз он аскер жараланды.

Сирия Улуттук Армиясынын аскерлеринин операцияда куткарылган отурукташуу жерлери жана жолдордогу изилдөө – куткаруу иштери жүргүзүлүүдө.

 

 



Тектеш кабарлар