Чавушоглу: «Террористтер чегинбесе операция кайра башталат»

Министр Чавушоглу Стамбулда өтүп жаткан ТРТ World Forum-2019да сөз сүйлөдү.

1291682
Чавушоглу: «Террористтер чегинбесе операция кайра башталат»

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ/ПЙДге мүчө террористтер 120 сааттын ичинде Сириянын түндүгүнөн чыгып кетпеген учурда «Тынчтык булагы» операциясынын токтогон жерден улана турганын айтты.

Стамбулдагы Конгресс борборунда «Глобалдашуунун кризиси; тобокелдиктер жана мүмкүнчүлүктөр» темасы менен Түркия радио-телеберүү мекемеси (ТРТ) тарабынан уюштурулган ТРТ World Forum-2019да сөз сүйлөдү.

Министр Чавушоглу сөз сүйлөөсүндө Сириядагы кагылышуунун жалгыз гана саясий жолдор менен чечиле алаарына ишенгендерин айтты.

Чавушоглу 360 миңден ашуун сириялыктын Түркиядан террористтерден тазаланган эки аймакка кайтып баргандарын белгиледи.

Аянтта АКШ менен коопсуз аймак түзүү үчүн аракет кылып жатканда, АКШнын ПКК/ЙПГ/ПЙДге курал-жарак берүүсүн улантканын айткан Чавушоглу, шериктештердин колдоосун ала албагандыктан жалгыз өздөрү «Тынчтык булагы» операциясын жүргүзүүгө аргасыз болгондорун баса белгиледи.

Операцияда бир гана террористтер бутага алынгандыгын, жарандарга зыян келтирбөө үчүн абдан аракет кылгандарын айткан Чавушоглу: «Тынчтык булагы операциясы башталгандан бери негизсиз айыптоолор жана каралоо үгүттөөлөрү жүргүзүлгөндүгүн көрүп жатабыз. Бул түрк-күрт айтымдары туура эмес сөздөр. Күрттөр биздин душманыбыз эмес. Күрттөргө каршы эмеспиз. Ирактын түндүгүндө да алар менен жакшы алакаларыбыз бар жана Түркияда 350 миң сириялык күрттү багып жатабыз»,-деди.

«Тарыхыбызда эч качан химиялык курал колдонгон эмеспиз. Бул дагы каралоо пропагандасы болуп саналат»,-деген Чавушоглу инвентарларында эч качан химиялык курал болбогонун билдирди.

Ошондой эле Чавушоглу: «ПКК/ЙПГ/ПЙДге мүчө террористтер чек араларыбыздын ары жагында террордук мамлекет түзүүгө аракет кылып жатышкан жана биз бул оюнду буздук»,-деди.

Эртең Орусиянын Сочи шаарына барып Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугуша тургандарын айткан Чавушоглу, мунун дагы өтө маанилүү жыйын болоорун билдирди.

Террористтердин чыгып кетүүсү үчүн 35 сааттын калганын, бул мөөнөттүн ичинде артка чегинишпесе операциянын кайрадан башталаарын баса белгилеген Чавушоглу, террористтердин тийишип ок атып жаткандарын, бул атууларга жооп кайтаргандарын айтты.

Эске сала кетсек террористтердин аймакты бошотуулары үчүн берилген 5 күндүк (120 саат) убакыт шейшемби күнү Түркия убактысы боюнча саат 22.00де аяктайт.

 



Тектеш кабарлар