Калын менен Лаврентьев Сирия маселесин сүйлөштү

Орусиянын Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев жана аны коштогон делегация Түркияга келди.

1289914
Калын менен Лаврентьев Сирия маселесин сүйлөштү

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын менен Орусиянын Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев, террордук уюмдардын Сириянын жеринин бүтүндүгү үчүн жараткан коркунучка бөгөт болуу темасында макулдашышты.

Президенттик аппараттан маалымдалгандай Калын Орусиянын Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев жана аны коштогон делегацияны кабыл алды.

Сириядагы акыркы кырдаал каралган жыйында «Тынчтык булагы» операциясы, Идлиб жана Манбиж күн тартибинин алкагында стратегиялык темалар сүйлөшүлдү.

«Тынчтык булагы» операциясы Түркиянын улуттук коопсуздук тынчсызданууларын жоюу жана сириялык качкындардын коопсуз түрдө кайра кайтууларын камсыздоо максатында жүргүзүлүп жаткандыгы баса белгиленген сүйлөшүүдө, террордук уюмдардын Сириянын жеринин бүтүндүгү үчүн жараткан коркунучка бөгөт болуу жана бул темада Түркия менен Орусиянын ортосундагы кызматташуунун уланышы боюнча макулдашуу түзүлдү.



Тектеш кабарлар