Эрдогандын Пакистанга сапары кийинкиге жылдырылды
Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы маалымат берди.
![Эрдогандын Пакистанга сапары кийинкиге жылдырылды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/db6b/1e13/6093/5da85d87e2f00.jpg?time=1718734288)
Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мухаммед Файсал, президент Режеп Таййип Эрдогандын 23-24-октябрга пландаган Пакистанга сапарынын кечеңдетилгендигин билдирди.
Жумалык маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Файсал президент Эрдогандын Пакистанга сапары тууралуу маалымат берди.
Президент Ариф Алви жана премьер-министр Имран Хандын биринчи жолу Эрдоганды Пакистанда тосуп алаарын эске салган Файсал: «Эрдогандын Пакистанга жасай турган сапары учурда жылдырылды. Кечеңдетилген сапардын күнү кайрадан пландалат»,-деди.
Түркиянын Сириянын түндүгүндө жүргүзүп жаткан «Тынчтык булагы» операциясына байланыштуу да маалымат берген Файсал: «Түркия террордон эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн бири болгондуктан алардын аймактык коопсуздук тынчсызданууларын түшүнүшүбүз керек. Премьер-министр Хан да Эрдоган менен телефон аркылуу байланышып, Пакистандын бул темадагы колдоосун билдирди. Пакистан Сириянын жеринин бүтүндүгүнүн сакталышына жана тез арада саясий чечүүчү жолдун табылышына карата колдоосун улантат»,-деди.