Cанкция коркутуулары Түркияны террор менен күрөшүүсүндөгү акылуу доосунан баш тарттыра албайт

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Президенттик кабинет жыйналышынан кийин маалымат берди.

1289461
Cанкция коркутуулары Түркияны террор менен күрөшүүсүндөгү акылуу доосунан баш тарттыра албайт

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын, санкция коркутуулары жана айыптоолордун Түркияны террор менен күрөшүүсүндөгү акылуу доосунан баш тарттыра албай турганын билдирди.

Калын, Президенттик кабинет жыйналышынан кийин берген маалыматында Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сирияда Евфрат дарыясынын чыгыш жагында жүргүзүлүп жаткан «Тынчтык булагы» операциясынын бир убакта бир топ оюнду бузганын айтты.

Калын, «Тынчтык булагы» операциясын жамандоого аракет кылгандардын Сириядагы пешкалары буктурмаларынан ажырап калганы үчүн ызаланган, жинденген жана күлкүнүчтүү абалда болгондорун белгилеп өттү.

Түркиянын Сириядагы күрт туугандары менен террористтерди ажыратып караганын баса белгилеген Калын, ДЕАШ менен күрөшүүнү да эч качан үзгүлтүккө учуратпай тургандарын маалымдады.

ДЕАШ менен күрөшүүнүн бир гана Түркиянын жоопкерчилигинде болбогонун белгилеген Калын: «Түркияны «Тынчтык булагы» операциясы темасында сындагандарга ДЕАШ мүчөлөрүн кимдердин эмне үчүн кое бергендерин сураш эң табигый укугубуз»,-деп айтты.

Операциянын максатына жеткенге дейре токтоосуз улана турганын сөз кылган Калын: «Максатыбыз чек арабызды террордон толугу менен тазалоо болуп саналат»,-деди.

Сириядагы демографиялык түзүлүштү бузган Түркия же «Тынчтык булагы» операциясы болбогонун баса белгилеген Калын, муну кылгандын жикчил террордук уюм ЙПГ/ПЙД экендигин айтты.

Калын, Түркиянын Асад режими менен расмий жолугушуусу же сүйлөшүүсүнүн болбогонун да билдирди.



Тектеш кабарлар