Террористтер Түркия жарыя кылган коопсуз аймактын тышына чыкса,операция да соңуна чыгат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы фракциялык жыйынында сөз сүйлөдү.

1289174
Террористтер Түркия жарыя кылган коопсуз аймактын тышына чыкса,операция да соңуна чыгат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сириядагы бардык террористтердин куралын таштап Түркия белгилеген коопсуз аймактын тышына чыккан учурунда Түрк куралдуу күчтөрүнүн жүргүзүп жаткан «Тынчтык булагы» операциясынын бүтө турганын жарыялады.

Эрдоган, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

8 жылдан бери уланган Сирия маселесинин Түндүк Африка жана Жакынкы Чыгыштын кайрадан чийилиши боюнча аракеттин туундусу экенин белгилеген Эрдоган: «ДЕАШты колдогон, материалдык жактан багыттаган өлкөлөр бүгүнкү күндө маңдайыбызга ДЕАШ душманы катары чыгууда. Маселенин ДЕАШ эмес, ал эмес ПКК эч эмес, бир гана аймагыбызга карай проектти ишке ашыруу экени аттын кашкасындай ачык»,-деди.

Түркиянын же Европада, Америкада жазылган сценарийлерде өзүнө бычылган ролго багынып бере турганын, же болбосо күрөшө турганын белгилеген Эрдоган: «Түркиянын өтмүшүндө багынып берүү тандоосу эч качан болгон эмес. Биз улутубуз менен бирге күрөшүү байрагын жогорулаттык. «Же боштондук же өлүм» деп мамлекетин курган бир улутка ансыз деле башкачасы жарашпайт эле»,-деп айтты.

Сөзүндө «Тынчтык булагы» операциясына каршы чыккан Араб лигасын бутага алган президент, Сириянын тышына чыккан 6 миллион сириялыктын 4 миллионунун Түркияга келгенин эске салып, «Дээрлик бардыгы арабдан турган качкындар бизге келди. Эй Араб лигасы сиз канча сириялыкты кабыл алдыңыз экен? Сиз Сирияны Араб лигасынан чыгардыңыз»,-деп айтты.

Түркиянын тарыхынын эч бир мезгилинде жарандарды кырбаганын, "Тынчтык булагы" операциясында да ушундай өңүттөгү айтымдардын жалган жалаа экенин айткан Эрдоган: «Биздин ишеничибиз, маданиятыбыз жана ахлагыбыз дагы буга уруксат бербейт»,-деди.

Сөзүндө батыш өлкөлөрүнө дагы үн катып, «Эч качан ушундай абалга түшүшүңүздү каалабайбыз, бирок муну билип коюңуз эртең же бүрсүгүнү сиз дагы биз менен бирдей кыйынчылыкка түшүп каласыздар. Ишенип койгула ошондо бизди абдан жакшы түшүнөсүздөр, бирок анда кеч болуп калат. Көрөлү ошондо террористтерди колдогондорго сиз эмне дээр экенсиз, кандай мамиле кыласыз. Көрөлү террористтерди бүгүнкү күндөгүдөй колдоп чыгасыздарбы? Террористтер жаныңарды кыйнай баштаганда кайра эле ушул асыл улут жаныңарда болот»,-деп айткан Эрдоган сөздөрүн, «Бул террор менен күрөшүүдө Түркиянын каршысында эмес жанында орун алгыла, эң жок дегенде кийлигишпегиле»,-деп улады.

Эрдоган сөзүнүн акырында Сириядагы бардык террористтер дароо бул түнү куралын таштап, Түркия жарыя кылган коопсуз аймактын тышына чыгышса, «Тынчтык булагы» операциясынын да соңуна чыга турганын жарыялады.

Эрдоган, режимдин СДК (ЙПГ/ПККнын калканч катары колдонгон ысымы Сирия Демократия күчтөрү) менен кандайдыр бир келишими болгону да ыктымалдуу эместигин айтты.                                                                      



Тектеш кабарлар