Эрдоган: «Түркия террордук уюм менен үстөлгө отурбайт»

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Азербайжандагы жолугушууларынан кийин өлкөгө кайтып келе жатканда учакта журналисттерге маек куруп берди.

1288852
Эрдоган: «Түркия террордук уюм менен үстөлгө отурбайт»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын террордук уюм менен үстөлгө отурбай турганын айтты.

Президент Эрдоган, Азербайжандагы жолугушууларынан кийин өлкөгө кайтып келе жатканда учакта журналисттерге маек куруп берди.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) Сирияда Евфрат дарыясынын чыгыш жагында жүргүзгөн «Тынчтык булагы» операциясында жарандардын зыян тартпашы үчүн чоң аракет кылганын баса белгилеген президент Эрдоган: «Биз операциябызды толугу менен каршыбызда турган террордук уюмдарга каршы жүргүздүк жана жүргүзүүдөбүз»,-деди.

Эрдоган: «Тынчтык булагы операциясынын максаты белгилүү, чек араларыбызды ар түрдүү террордук элементтерден тазалоо жана качкындардын коопсуз түрдө үйлөрүнө кайтууларын камсыздоо. Ал да өз тандоолоруна жараша болот. Операция максатына жеткенге дейре уланат»,-деп айтты.

Жакынкы бир убакка дейре АКШ менен бирге кыймыл кылган террордук уюм ПКК/ПЙД/ЙПГнын эми Сирия режими менен келишүүнүн жолдорун издегенин белгилеген президент: «Анда мен батыштык өлкөлөрдөн сурап жатам; «Сиздин чыныгы шериктешиңиз ким? Түркиябы же болбосо ПЙД-ЙПГ же ДЕАШпы?» Сириядагы абактардан ДЕАШ мүчөлөрүн чыгарган ушулар (ПЙД-ЙПГ), буга үн катпаган дагы сизсиңиз».

«Трамп, (Сирияда камакта турган) ДЕАШ мүчөлөрүн Түркиянын өткөрүп алуусун талап кылуудабы?»деген суроосуна жооп иретинде Эрдоган: «Бул ДЕАШ мүчөлөрү жаткан абактары бир гана Раккада эмес. Түндүк тарапта да бар. Буларды алабыз. Алар жаткан абактарга абак деп айтыш кыйын. Чет элдик согушчуларды өз өлкөлөрүнө жөнөтөбүз. Туталанып кетишет. Франция дейт «жөнтпөгүлө», Германия дейт «жөнөтпөгүлө». Андан кийин абактарда кура турган соттордо буларды соттоого өтөбүз. Бул чек аранын тышындагыларды АКШ өзү ойлонсун»,деген сереп салды.

Аянттагы абалдарды координациялаш үчүн АКШ жана Орусия менен сүйлөшкөндөрүн белгилеген президент Эрдоган: «Мурдагы кечте урматтуу Дональд Трамп менен сүйлөштүм. Анын алдында (Франциянын президенти Эммануэль) Макрон менен сүйлөштүм. АКШнын «Ок атпоону жарыяла, биз да сүйлөшүү үчүн арачылык кылалы» деген сунушуна каршы «Биз террордук уюм менен үстөлгө олтурбайбыз» деген жоопту бердим. «АКШ сыяктуу бир өлкөнүн террордук уюм менен Түркия Республикасы Мамлекети сыяктуу шериктешиңиздин арасына киришин туурасын айтканда мен согуш укугу жагынан да саясат илими жагынан да эч качан туура деп эсептебейм»,-дедим. Муну да урматтуу Трампка айттым»,деген маалымат берди.



Тектеш кабарлар