Фахреттин Алтундун ПКК тууралуу билдирүүсү
Фахреттин Алтун : «Сирия күрттөргө террордук уюм ПКК менен бирдей каралышына каршыбыз»,- деди.
![Фахреттин Алтундун ПКК тууралуу билдирүүсү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/6039/38ad/09f5/5d5e45e477224.jpg?time=1718811728)
Президенттик аппатарынын коммуникация боюнча төрагасы Фахреттин Алтун : «Сирия күрттөрүнүн террордук уюм ПКК менен бирдей каралышына каршыбыз»,- деди.
Алтун твиттерден берген маалыматында сириялык күрттөрдүн ПКК террордук уюм менен бирдей каралашынын жаңылыш экендигин жана батыштык өлкөлөрдүн жарандарына Сирия тууралуу жалган айткандыгын баса белгилеп : «Сирия күттөрүнүн ПКК террордук уюм менен бирдей каралышы таптакыр туура эмес. Буга каршы чыгабыз. Эң көп суннит араб аймагы болгон Сириянын түндүк чыгышын басып алган террористтер марксисттик - лениндик идеологияны жергиликтүү элге жайылтты жана эрежелерине каршы чыккандарды сүргүнгө айдап же өлтүрдү»,- деди.
Алтун батыштык өкмөттөрдүн жарандарына Сирия тууралуу жалган айткандыгын белгилеп : «ПКК эркин басма сөзгө жана оппозициячылдарга уруксат берилбеген жана кыйноо көп болгон «бир партиялуу кичинекей мамлекетти» курду. Кайта турган болсо ПККнын өздөрүн өлтүрөрүнөн корккон жүз миңдеген сириялык күрт азыр да Түркияда жашап жатат»,- деди.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/17dc/85c7/62ef/667274aa8f555.jpg?time=1718811728)
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.