Президент Р. Т. Эрдоган Азербайжандын президенти Алиев менен жолугушту

Масалык маалымат каражаттарына жабык өткөн жолугушуу 1 саат 10 минутага созулду.

1287851
Президент Р. Т. Эрдоган Азербайжандын президенти Алиев менен жолугушту

Президент Р. Т. Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушту.

Түрк Кеңешинин 7 -  саммитине катышуу үчүн барган Азербайжандын борбор шаары Бакуда жолугушууларын баштаган Эрдоган Азербайжандын президенти Алиев менен жолугушту. Загулба сарайындагы массалык маалымат каражаттарына жабык өткөн жолугушуу 1 саат 10 минутага созулду.

Президент жолугушууларынын негизинде бүгүн Түркия  - Азербайжан Иш Кеңешинин жыйынына катышат,эртең Түрк Кеңешинин мүчөлөрүнүн лидерлери менен жолугушуу өткөрөт.

Түрк Кеңешинин 7 -  саммитинде Өзбекстан кеңешке расмий түрдө мүчө болот.

«Түрк дүйнөсүнүн аксакалы» деп билинген Казакстандын куруучу президенти Нурсултан Назарбаевге да Түрк Кеңешинин «Түрк Кеңешинин өмүр боюу ардактуу төрагасы» наамы берилет.



Тектеш кабарлар