Президент Эпдоган : "Сирияда АКШ аскеринин чегиниши оң абал"

Президент Р. Т. Эрдоган Сирияда АКШ аскеринин түштүккө карай чегинишин оң кабыл алгандарын айтты.

1287734
Президент Эпдоган : "Сирияда АКШ аскеринин чегиниши оң абал"

Президент Р. Т. Эрдоган Сирияда АКШ аскеринин түштүккө карай чегинишин оң кабыл алгандарын айтты.

Президент Р. Т. Эрдоган Түрк Кеңешинин 7 -  саммитине катышуу үчүн Азербайжандын борбор шаары Бакуга жөнөөрдөн мурда Стамбул Ататүрк аэропортунда пресс  - жыйын өткөрдү.

Маалыматында Түрк Кеңешинин 7 -  саммитинин көптөгөн жактан тарыхка өтөрүн баса белгилеген Эрдоган : «Түрк дүйнөсүнүн ичиндеги колдошуунун күн сайын дагы да бекемделиши, кызматташуубуздун дагы да күчтөнүшү биз үчүн сыймыктануунун себеби»,- деди.

Эрдоган саммитте Түрикянын түштүк чек арасында курууга аракет кылынган террор коридорун жок кылуу, аймакка тынчтык жана бейкуттукту алып келүү максатында түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын түндүгүндө ЙПГ/ПКК жана ДЕАШ террордук уюмдарына каршы баштатылган жана Сирия Улуттук Армиясынын аскерлери тарабынан колдоого алынган Тынчтык булагы операциясы тууралуу да кенен маалымат берерин билдирди.

Эрдоган Тынтчык булагы операциясында Кобанинин абалы тууралуу : «Азыркы учурдан баштап Кобаниде Орусиянын да оң мамилеси менен кыйынчылык чыкпай тургандай. Манбиж тууралуу азыркы учурда биз чечим чыгаргандай эле ишке ашыруу баскычындабыз»,- деп билдирди.

Чет элдик массалык маалымат каражаттарынын операция тууралуу манипуляцияларына да токтолгон Эрдоган : «Булардын тактикасы ар дайым ушундай. Азыркы учурда да ошол эле тактиканы аткарып жатышат. Алар өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт, алдамчылыктарын улантышат, биз болсо чындыктан сөз кылууга аракет кылабыз. Булар бизди баш тарттырбасын»,- деди.

АКШ аскеринин түштүккө карай чегинишин оң абал деп айткан Эрдоган : «Бул кыймыл оң абал тескери эч нерсе жок. Кечээ Германиянын канцлери Ангела Меркель менен андан мурунку күнү да Британиянын премьер  - министри Борис Жонсон менен сүйлөштүм. Сүйлөшүүлөрүмдө бир топ чындыктарды билишпегендерин, олуттуу бир дезинформация кысымы астында экендерин көрдүм жана аларга чындыктарды айттым»,- деди.

«Биздин күрттөр менен бир аймакта согушуу сыяктуу ниетибиз жок»,- деген Эрдоган : «Биз мамлекетпиз. Алдыбызда бир террордук уюм бар. Ошондуктан террордук уюм менен согуш болбойт, күрөш болот»,- деди.

Операция тууралуу тескери маалыматтарды берген чөйрөлөргө үн салган Эрдоган : «Силер НАТОго мүчө союздашыңардын жанында болосуңарбы же бул террористтердин жанында болосуңарбы?,- деп сураганда албетте жооп беришпейт. (НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг)  Анын мамилеси башка бирок мүчө өлкөлөрдүн бир бөлүгүнүн мамилеси башка»,- деди.



Тектеш кабарлар