Коргоо министри Хулуси Акар АКШнын коргоо министри Эспер менен телефон аркылуу сүйлөштү

Түркия АКШдан ПКК/ПЙД/ЙПГге карата колдоосун токтотууну талап кылды.

1281822
Коргоо министри Хулуси Акар АКШнын коргоо министри Эспер менен телефон аркылуу сүйлөштү

Түркия АКШдан ПКК/ПЙД/ЙПГге карата колдоосун токтотууну талап кылды.

Улуттук коргоо министри Хулуси акар АКШлык кесиптеши Марк Эспер менен Сирия чек арасында Коопсуз аймакты түзүүгө байланыштуу телефон аркылуу сүйлөштү.

Акар  -  Эспер сүйлөшүүсүндө Түркиянын түштүгүндө (Сирия чек арасында) террордук коридордун курулушуна уруксаттын берилбей тургандыгы дагы бир жолу баса белгиленди. Сүйлөшүүдө өзөчө АКШдан курал жана ок  - дары, ПКК/ПЙД/ЙПГге  карата колдоосун толугу менен токтотуу талап кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта Акардын сүйлөшүүдө Эсперге  Евфраттын чыгышында 30 километр ичкериде чек ара боюнча оор куралдардан жана террористтерден тазаланган Коопсуз аймак - Тынчтык коридорунун курулушу жана кечеңдетүү, алаксытуу боло турган болсо бул иштердин бүтөрү жана Түркиянын бул иште абдан чечкиндүү экендигин айтты.



Тектеш кабарлар