Фатма Шахин Сириялык америкалыктар кеңешинин делегациясы менен жолукту

Делегациянын мүчөлөрү Түркияга жана Газиантепке ыраазычылык билдиришти.

1281750
Фатма Шахин Сириялык америкалыктар кеңешинин делегациясы менен жолукту

АКШда жолугушууларды өткөргөн Газиантептин мэри Фатма Шахин, Сириялык америкалыктар кеңешинин делегациясын АКШнын баш калаасы Вашингтондо кабыл алды.

Шахин менен Сириялык америкалыктар кеңешинин делегациясынын ортосундагы жолугушуу, Түркиянын Вашингтон элчилигинде өткөрүлдү. Жолугушууда элчи Сердар Кылыч да болду.

Башар Асад режиминин кыргындарынан качууга аргасыз болгон сириялык үй-бүлөлөргө көрсөткөн колдоосунан улам Түркияга жана Газиантепке ыраазы экендиктерин айтакан делегациянын мүчөлөрү, өздөрүнүн да АКШда Түркиянын боорукердигин түшүндүрүүнү жана Түркияны колдоону уланта тургандарын баса белгилешти.

Шахин болсо Түркиянын жана Газиантептин меймандостугунун чын ыкластуулугуна көңүл буруп, Түркиянын гуманитардык иш-аракеттерин улантаарын айтты.

Бир тараптан Фатма Шахин Вашингтондогу тегерек үстөл жыйынында болсо Батышты сынга алып, качкындар маселесинин чечилүү үчүн эл аралык коомчулукту кызматка чакырды.

Жыйынга АКШнын Мамлекеттик катчылыгынан жогорку деңгээлдеги кызматкерлер, америкалык жарандык коомдук уюмдардын өкүлдөрү, сириялык америкалыктар катышышты.



Тектеш кабарлар