Ирактын түндүгүнө карата абадан операция жана Шемдинли менен Хаккариде террор менен күрөш

Ирактын түндүгүндөгү Хафтанин аймагында аныкталган террордук уюмдун мүчөсү 2 террорист абадан жүргүзүлгөн операцияда жок кылынды.

1280100
Ирактын түндүгүнө карата абадан операция жана Шемдинли менен Хаккариде террор менен күрөш

Ирактын түндүгүндөгү Хафтанин аймагында аныкталган террордук уюмдун мүчөсү 2 террорист абадан жүргүзүлгөн операцияда жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа эсептеринен берилген маалыматка караганда «Чеңгел - 3» операциясынын негизинде Хафтанин аймагына абадан операция жүргүзүлдү. Операцияда ПКК террордук уюмдун 2 террористти жок кылынды.

Бир тараптан Хаккариде жандармерия, жандармериянын атайын кыймыл жана ролиция топторунун операциясында 3 террорист, Шырнактагы Жуди тоо элетинде да 2 террорист жок кылынды.

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда ички коопсуздук операцияларынын негизинде Хаккари элетинде облустук жандармерия командирлиги жана облустук коопсуздук директорлугунун топтору тарабынан ПКК террордук уюмга карата операцияда 1 террористтин жок кылынгандыгы, аймакта операциялардын улантылып жаткандыгы маалымдалды.

Ошол эле учурда Жуди тоо элетинде облустук жандармерия командирлиги тарабынан жүргүзүлгөн чалгындоонун натыйжасында жандармериянын атайын кыймыл  командирлиги тарабынан абадан колдоо көрсөтүлгөн операция жүргүзүлдү. Операцияда 2 террорист жок кылынды.



Тектеш кабарлар