Эрдогандын сапары менен бирге Пакистанда коргонуу жарманкеси өтөт

Медиаситинин башкаруу кеңешинин төрагасы Хакан Курт, Эрдогандын 24-октябрда ишке ашыра турган Пакистанга расмий программасынын алкагында Пакистандын Коргонуу өндүрүш министрлигинин талабы менен жарманке Исламабадда өтө турганын маалымдады.

1280625
Эрдогандын сапары менен бирге Пакистанда коргонуу жарманкеси өтөт

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Пакистанга сапарынан улам Түрк коргонуу жана авиация өнөр жайы фирмаларын Пакистандын жооптуу кызматкерлери менен жолугуштура турган High Tech Port коргонуу жарманкесинин жери жана күнү жылдырылды.

Медиаситинин башкаруу кеңешинин төрагасы Хакан Курт, Эрдогандын 24-октябрда ишке ашыра турган Пакистанга расмий программасынын алкагында Пакистандын Коргонуу өндүрүш министрлигинин талабы жана Президенттиктин коргонуу өнөр жайы башкармалыгынын бекитүүсү менен жарманкенин эки өлкөнүн карым-катнаштарын өнүктүрүү жана дүйнөгө маанилүү белгилерди бериш үчүн Исламабадга алынганын айтты.

Жарманкенин Пакистандын коргонуу өндүрүү министрлигинин белгилеген аскердик аянтта ишке аша турганын айткан Курт, бул жагынан алганда жарманке күндөрүнүн да 24-26-октябрь деп кайрадан белгиленгенин билдирди.

Курт, эки өлкөнүн лидерлеринин ыктымалдуу жарманкени кыдыруусуна жараша иш-чара программасынын да өзгөртүлө турганын айтты.

Жарманкенин алкагында Түрк коргонуу жана авиация өнөр жайы фирмалары бул жаатта жылына 7 миллиард доллар каржылаган Пакистанда экспорт мүмкүнчүлүктөрүн арттырыш үчүн жергиликтүү өндүрүшчү жана камсыздоочулар менен жолугуштурат.

Бул иш-чаранын мындан мурда 29-31-октябрь күндөрүнүн аралыгында Пакистандын Карачи шаарында Экспо борборунда боло турганы жарыяланган эле.



Тектеш кабарлар