Түркия Иракка көңүл айтты

Тополоңдо көп сандаган адам көз жумган болчу.

1267167
Түркия Иракка көңүл айтты

Түркия кечээ Ирактын Кербела шаарында, Ашура күнүндө болгон тополоңдо каза тапкандар үчүн бул өлкөгө көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Ирактын Кербела шаарында уюштурулган Ашура иш-чарасында болгон тополоңдо ондогон адамдын каза табышы жана 100 кишинин жаракат алышы катуу капага салгандыгы белгиленди.

Билдирүүдө: «Боордош Ирак элине көңүл айтып, бул кайгылуу окуяда көз жумгандардын жаткан жерлери жайлуу болушун тилейбиз, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз»,-делди.



Тектеш кабарлар