Түркия террор менен күрөшүүсүндө АКШнын колдоосун күтүүдө

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын соода министри Уилбур Росс жана аны коштогон делегацияны Анкарада Президенттик комплексинде кабыл алды.

1267054
Түркия террор менен күрөшүүсүндө АКШнын колдоосун күтүүдө

Президент Режеп Таййип Эрдоган, террор менен күрөшүүдө жана баш калкалоочулардын үйлөрүнө кайта ала тургандай коопсуз аймактарды түзүү аракетинде АКШнын Түркияны колдоосун күткөндөрүн айтты.

Эрдоган, АКШнын соода министри Уилбур Росс жана аны коштогон делегацияны Анкарада Президенттик комплексинде кабыл алды.

Эрдоган, бул жердеги сөзүндө, «Досум АКШнын президенти Дональд Трамп менен эркин соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо темасын да күн тартипке алдык. Бул темада тийиштүү министрликтерибиз эң жакынкы убакта иштерин баштайт»,-деди.

АКШлык инвесторлорго чакырык салган Эрдоган: «Дагы көп АКШ фирмасынын өлкөбүздө инвестиция салуусун каалап жатабыз. Өлкөбүзгө келген ар бир АКШлык инвесторго керектүү колдоону көрсөтүүгө даярбыз»,-деп айтты.

Сирияда болгон окуяларга көңүл бурган Эрдоган: «Өлкөбүздүн Сириядан келип чыккан жаңы көч толкунун милдеттениши эми мүмкүн эмес. Учурда өлкөбүз жана ошондой эле аймагыбыз дагы сириялык баш калкалоочулардын кайра кайтуусуна эң чоң тоскоолдук жикчил террор уюму ПКК менен анын уландысы ЙПГ сыяктуу террордук уюмдар экенин билет. Этникалык тазалоо жасаган, аймактын калкын көчүүгө мажбурлаган, Түрк жарандарынын жан жана мүлк коопсуздугун коркунучка салган бул түзүлүш сөзсүз коркунуч элементи болуудан чыгарылышы зарыл. (Сирияда) 50 миң чакты фура менен бул жактагы террорист топторго курал шаймандар, ок-дарылар жөнөтүлүшү бизди олуттуу түрдө тынчсыздандырууда. АКШдан күткөнүбүз террор менен күрөшүүдө жана баш калкалоочулардын үйлөрүнө кайта алгыдай коопсуз аймак түзүү аракетибизде бизди жактоолору»,-деп айтты.

Түркиянын Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) менен күрөшүүсүнүн чечкиндүүлүк менен улана турганына шилтеме кылган Эрдоган: «АКШдан 2016-жылдын 15-июлунун түнүндө Түрк демократиясына (төңкөрүш аракетин кылып)  кол салган ФЕТӨ менен күрөшүүдө дагы жакын кызматташтыкты күтүүдөбүз. Бул террор уюмунун корбашчысы учурда Пенсильванияда 400 дөнүмдүк аянттын ичинде, бардык командасы менен жашоодо жана ал жерден дүйнөнүн 160 өлкөсүн башкарып, багыт берүүдө»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар