ТКК менен АКШ командасынын Евфраттын чыгышына алгачкы кургактык күзөтү

ТКК жана АКШнын аскердик командалары чек арадан Тель Абьяд элет жеринде түштүктү көздөй илгериледи.

1265472
ТКК менен АКШ командасынын Евфраттын чыгышына алгачкы кургактык күзөтү

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) жана АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн командасы Сирияда Евфраттын чыгыш жагындагы коопсуз аймактын биринчи баскыч ишке ашырууларынын алкагында эң оболу биргелешкен кургактык күзөт иштерин баштады.

Шанлыурфанын Акчакале районунун 30 км чыгыш жагында Түрк желеги илинген 6 зооттолгон унаадан турган ТККнын конвою, биргелешкен кургактык күзөт иштерине катышуу үчүн чек арадан ашып АКШнын аскердик конвою менен жолукту.

ТКК жана АКШнын аскердик командалары чек арадан Тель Абьяд элет жеринде түштүктү көздөй илгериледи.

Күзөт иштерине тик учар менен абадан колдоо көрсөтүлө баштады.

Чек ара багытындагы абадан жана кургактыктан кыймылдуулук уланууда.

 



Тектеш кабарлар