АКШ Евфраттын чыгышында Түркия үчүн эмес ПКК үчүн Коопсуз аймак түзүүнү каалайт экен

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Малатияда тобу менен болгон ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

1265603
АКШ Евфраттын чыгышында Түркия үчүн эмес ПКК үчүн Коопсуз аймак түзүүнү каалайт экен

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын Сирияда Евфраттын чыгышында Түркия үчүн эмес жикчил террор уюму ПКК үчүн коопсуз аймак түзүүнү каалаганын белгилеп, «Мындай түшүнүктү четке кагабыз»,-деди.

Президент Эрдоган, Малатияда тобу менен болгон ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө Евфраттын чыгышында курулуусу пландалган коопсуз аймак үчүн АКШ менен сүйлөшүп жаткандарын белгилеп, «Бирок бул темада биздин каалагандарыбыз менен алардын ойлогондорунун бирдей нерсе болбогонун таштаган ар бир кадамдарынан көрүүдөбүз. Биз аймакта уя салган террордук уюмду толугу менен жоюуну максаттап жатсак, алар террордук уюм менен бизди бир платформада башкаруунун эсебин кылып жатышат. Түшүнүктүү болгондой шериктештерибиз, биз үчүн эмес террордук уюм үчүн коопсуз аймак түзүүнү каалап жатыптыр. Мындай түшүнүктү четке кагабыз»,-деп айтты.

Эрдоган: «Сентябрь айы бүтө электе Евфраттын чыгыш жагында өз аскерлерибиз менен накталай коопсуз аймак түзүүнү баштай албаган болсок, анда өз жолубуз менен кетүүдөн башка аргабыз калбайт»,-деп айтты.

Бул маселенин Түркия жагынан маанилүү мажбурдуулук болгонун айткан Эрдоган: «Өз маанилүү приориттерибизден баш тартпайбыз. Түркия сыяктуу бир өлкөнү террордук уюмга таштай турган түшүнүк бүткүл дүйнө үчүн коркунуч жаратууда»,-деп айтты.

Эрдоган, Малатиянын Инөнү университетинде өткөн «Алдыңкы дин окуу жайынын бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусунда» сүйлөгөн сөзүндө да Диярбакырда балдары ПКК тарабынан тоого уурдалып кеткен энелердин акцияларына токтолду.

Эрдоган: «Ал энелерди колдойбуз, мамлекет катары колубуздан келгенин кылып жатабыз. Бул террор уюму качат биз кубалайбыз. Эртедир кечтир бул ишке жооп беришин талап кылабыз. Боорунан чыккан балдары уурдалган энелердин туруштугу, Кандилдеги кан соодагерлерин чөгөлөтөт»,-деди.

 



Тектеш кабарлар