Вице - президент Фуат Октай : "Түркия качкындарды чогултуучу өлкө эмес"

Фуат Октай Италиянын Черноббио шаарында өткөрүлгөн 45 -  Амброзетти форумуна катышып сөз сүйлөдү.

1265007
Вице  - президент Фуат Октай : "Түркия качкындарды чогултуучу өлкө эмес"

Вице  - президент Фуат Октай Түркиянын качкындар чогулуучу жер, батыш өлкөлөрү чыгарган кризистердин фактурасын төлөй турган өлкө эмес экендигин айтты.

Фуат Октай Италиянын Черноббио шаарында өткөрүлгөн 45 -  Амброзетти форумуна катышып сөз сүйлөдү.

Сөзүндө Сирия кризиси жана качкындар маселесине токтолгон Октай президент Р. Т. Эрдогандын «капкаларыбызды ачабыз» деген билдирүүсү тууралуу : «Бул бир коркутуу же бир жаңылтуу эмес. Бул бир чындык»,- деди. Октай : «Качкындар толкуну баштала турган болсо Түркия кабыл алат деген мамиле жаңылыш»,- деди.

Орусиянын президенти Путиндин Түркиянын Г  -  7 өлкөлөрүнө киргизилсин деген сунушу тууралуу : «Түркия окуяга чыгыш, батыш же башка бир тараптан карабайт, өз кызыкчылыгы жактан карайт»,- деди Фуат Октай. Октай Түркиянын чыгыш жана батыш үчүн олуттуу бир мүмкүнчүлүк экендигин айтты.



Тектеш кабарлар