Түркия Багамага көңүл айтты
«Дориан» бороон-чапкынынын Багамадагы кыйратуучу кесепети катуу капага салды.
1263458
Түркия Кариб аралдарында болгон «Дориан» бороон-чапкынынын себебинен каза тапкандарга байланыштуу Багама өкмөтү жана элине көңүл айтты.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Кариб аралдарында болгон «Дориан» бороон-чапкынынын Багамадагы кесепетине катуу капа болгондору белгиленип: «Бул оор мезгилде Багама өкмөтү жана элине тилектештик көрсөтөбүз, бороон-чапкындан каза тапкандардын жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин тилейбиз»,-делди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Курман айт майрамы менен куттуктады
Эрдоган Курман айт майрамына карата видео кайрылуу жарыялады.
Измир жакындарында мыйзамсыз мигранттар куткарылды
Мыйзамсыз мигранттар процедуралардан кийин облустук миграция башкармалыгына жөнөтүлдү.