Террор менен күрөшүү

Элет жеринде 3 чоң, 36сы орточо масштабдуу болгон 10 миң 800 элет операциясы, шаарларда 895 операция жүргүзүлдү.

1263771
Террор менен күрөшүү

Август айында жүргүзүлгөн ички коопсуздук операцияларында 117 террорист жок кылынды. Алардын ичинен ону жогорку мартабалуу жетекчи болгон.

Ички иштер министринин орун басары Исмаил Чатаклы айлык маалыматтандыруу жыйынында сүйлөгөн сөзүндө август айында элет жеринде 3 чоң, 36сы орточо масштабдуу болгон 10 миң 800 элет операциясы, шаарларда 895 операция жүргүзүлгөндүгүн белгиледи.

Өлкө ичинде жүргүзүлгөн коопсуздук операцияларында 117 террористтин жок кылынгандыгын белгилеген Чатаклы жок кылынган террористтердин экөөсүнү башкаруучу,  бирөөсүнүн кызгымтыл сары, жетөөсүнүн боз категорияда орун алгандыгын айтты.

Өзгөчө ички иштер министрлигинен берилген маалыматта 17 -  августта Хаккари, Шырнак жана Ван облустарында 2 миң 300 кызматкердин катышуусу менен «Кыран  - 1» операциясынын баштатылгандыгы, артынан Шырнак, Мардин жана Батман облустарында 1500 кызматкердин катышуусу менен башталган «Кыран  - 2» операциясынын азыр да улантылып жаткандыгы белгиленди. Маалыматта «Кыран» операцияларынын негизинде 12 террористтин жок кылынгандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар