Сирияда Түрк байкоочу пункттарына Асад режими тарабынан кол салуу болсо дароо жооп кайтарылат

Эрдоган менен Путин, борбор шаар Москвада Эл аралык Жуковский аэропортундагы жолугушууларынан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрүштү.

1259553
Сирияда Түрк байкоочу пункттарына Асад режими тарабынан кол салуу болсо дароо жооп кайтарылат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сирияда Түрк аскердик байкоочу пункттарына Башар Асад режиминин күчтөрү тарабынан болгон тийишүүчү кол салууларга каршы мыйзамдуу коргонуу темасында керектүү кадамдарды керектүү убакта таштоого аргасыз болгондорун, бул темадагы чечкиндүүлүктү Орусиянын президенти Владимир Путинге да айткандарын билдирди.

Эрдоган менен Путин, борбор шаар Москвада Эл аралык Жуковский аэропортундагы жолугушууларынан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрүштү.

Идлибде режимдин кол салууларынан май айынан бери 500дөн ашуун бейкүнөө адам каза болгонун, 1200дөн ашуун жарандын жаракат алганын белгилеген Эрдоган, «Идлибде Асад режиминин терроризм менен күрөшүү шылтоосу менен жарандарга кургактыктан жана абадан өлүм жаадырышы кабыл алынгыс»,-деп айтты.

«Сочи макулдашуусу менен милдеттенген жоопкерчилигибизди бир гана режимдин кол салууларын токтотушу менен орундата алабыз»,-деп айткан Эрдоган: «Режимдин кол салуулары өзгөчө чек араларыбызды бойлой бизди коргонууга түртүүдө жана керек болгон кадамдарды керек болгон абалдарда таштоого аргасызбыз»,-деди.

Орусиянын президенти Владмир Путин дагы, Орусия жана Түркия карым-катнаштарды достук, эки жактуу урмат-сый жана кызыкчылыктар менен өнүктүрүп жатканын айтты.

Орусия жана Түркиянын, Сирия кризисинин чечилишинде эң түшүмдүү процесс болгон Астана форматындагы иштеринин түшүмдүү түрдө ишке ашырылып жатканын айткан Путин: «Түркиянын президенти менен Идлибде террористтердин жоюлушу жана жасалышы керек болгондор үчүн келишим түздүк»,-деп айтты.

Путин: «Идлибдеги абал туурасында терең санааркап жатабыз. Түркия менен террористтердин жок кылынышы үчүн кошумча чаралардын планын белгиледик»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар