Эрдоган менен Жээнбеков майрамдык куттуктоолорун айтышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1252373
Эрдоган менен Жээнбеков майрамдык куттуктоолорун айтышты

Мурдагы күнү, 12-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки жана көп тараптуу кызматташуунун маселелерин жана буга чейинки макулдашуулардын ишке ашыруусун талкуулашты.

Түркия Республикасынын башчысы кыргызстандыктарды жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктап, тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков дагы Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктап, албан ийгиликтерди жана бекем ден соолук каалады.



Тектеш кабарлар