Түркия аба аянтынан ар бир 20 секундда бир учак өттү
Түркия аба аянтынан жылдын 7 айлык мезгилинде 1 миллион 148 миң 426 учуу ишке ашты.
Түркия аба аянтынан жылдын 7 айлык мезгилинде 1 миллион 148 миң 426 учуу ишке ашты. Алардын ичинен 272 миң 557си транзиттик каттам. Башкача айтканда ар бир 20 секундада бир учак өттү.
Мамлекеттик аба аянттарын иштетүү боюнча башкы директорлугунун берген маалыматына караганда акыркы жылдарда учак менен саякатка чыккан жүргүнчү санында маанилүү өсүүнүн болгондугу байкалды.
Акыркы 10 жылда аба жолу менен учкан жүргүнчү саны 157 пайызга өсүп, 45 миллиондон 116 миллионго чыкты. өлкө ичинде 2002 - жылы эки борбордон 26 жерге бир гана түрк аба жолдорунун тарифтүү каттамдары ишке ашкан болсо, бүгүндөн баштап ички каттамдарда 6 аба жолу фирмасы, 7 борбордон жалпы 56 жерге каттамдарын ишке ашырууда.
Өлкө тышында 2003- жылы 60 болгон учуу жери 119 өлкөдө 296 жерге жетти. Түрк аба аянтында январь - июль мезгилинде ишке ашкан транзиттик өткөөлдөр да болуп учуу саны 1 миллион 148 миң 426 болду. ушундайча Түркия асманынан ар бир 20 секундда бир учак өттү. транзит өтүү саны бул мезгилде 3, 2 пайызга артты.
Тектеш кабарлар
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.