Тышкы иштер министрине Жапониянын ордени тапшырылды

Мевлүт Чавушоглу Түркия менен Япониянын ортосундагы карым- катнаштарга кошкон салымынан улам Жапониянын «Күндүн чыгышы ордени жана Чоң Кордон» менен сыйланды.

1250675
Тышкы иштер министрине Жапониянын ордени тапшырылды

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия менен Япониянын ортосундагы карым- катнаштардын күчтөндүрүлүшү жана достугунун өнүктүрүлүшүндө көрсөткөн аракеттеринен улам Жапония императору Нарухито тарабынан «Күндүн чыгышы ордени жана Чоң Кордон» менен сыйланды.

Президенттик комплексинде өткөрүлгөн орден жана сыйлык тапшыруу аземине вице- президент Фуат Октай, Жапониянын Анкарадагы элчиси Акио Мияжима менен борбор шаардагы 11 -Элчилер конференциясынын негизинде Түркиянын өлкө тышы жана борбордук уюмдарында иштеген элчилер жана  көп сандаган чет элдик элчилер да катышты.

Аземде сөз сүйлөгөн Октай Түркия- Жапония карым- катнаштарынын өнүгүшүнө жана эки өлкөнүн ортосундагы достукка салымын кошкон Чавушоглунун Жапониянын императору тарабынан орденге ылайык көрүлүшү Түркия үчүн сыймыктандыруучу экендигин айтты.

Аземге катышкандарга жапон тилинде салам берген тышкы иштер министри Чавушоглу : «Жапониянын эң жогорку ордени «Күндүн чыгышы ордени менен Чоң Кордонунун мага үчүн ылайык көрүлүшүнөн өлкөм жана өкмөтүмүн атынан сыймыктанам. Бул үчүн Жапониянын императоруна ыраазычылык билдирем»,- деди.

Бул маанилүү сыйлыктын Түркия менен Жапониянын ортосундагы достук байланыштарынын жаңы бир айкалышы экендигин белгилеген Чавушоглу түрктөр менен жапондордун салттык маданияттарын ушул күнгө чейин алып келе алган, үйбүлөнү борборго алуу менен заманбапташа алган эки цивилизация экендигин белгиледи.

Чавушоглу Түркия- Жапония карым- катнаштарынын дагы да өнүгүшүнө карата күчтүү эрктин президент Р. Т. Эрдогандын чоң жыйырмалар саммитинен кийин Осакада эки тараптуу жолугушууларында такталганына көңүлдөрдү бурду. Жапонияда бул жылы белгиленген «Түрк маданият жылы» иш чараларынын маданий байланыштардын бекемделишине маанилүү салым кошкондугун баса белгиледи.

Тышкы иштер министри Чавушоглу Жапониянын императору Нарухитонун тактыга чыгышы менен өлкөдө башталган жана «мыкты шайкештик» деген мааниге келген «Риева» мезгилинин жапон жана дүйнө элдерине бакыт жана бейкуттук алып келишин каалап, Нарухитого, жапон өкмөтүнө жана калкына бул орденген ылайык көргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Азем «Батыштан чыгышка түрк музыкасы менен жүргүнчүлүк концерти» менен аяктады.



Тектеш кабарлар