АКШ менен Түркия «Орток кыймыл борборун» курат

АКШнын коргоо министрлиги Түркия менен «Орток кыймыл борборун» куруу  тууралуу макулдашууга барылгандыгын, процесстин баскыч түрүндө турмушка ашырыларын билдирди.

1250669
АКШ менен Түркия «Орток кыймыл борборун» курат

АКШнын коргоо министрлиги Түркия менен «Орток кыймыл борборун» куруу  тууралуу макулдашууга барылгандыгын, процесстин баскыч түрүндө турмушка ашырыларын билдирди.

Американын коргоо министрлигинин катчысы Шон Робертсон өлкөсү менен Түркиянын Сириянын түндүгүндө түзүлө турган аймак тууралуу келишим боюнча билдирди. Робертсон «Коопсуз аймак» деген сөз колдонбогон маалыматта бул сөздөргө орун берди : «Анкарада бул жумада өткөрүлгөн аскердик жолугушууларда Сириянын түндүк чыгышында НАТО союздашыбыз Түркиянын мыйзамдуу коопсуздук тынчсызданууларына жооп бере турган, улантууга боло турган бир коопсуздук механизминин курулушуна карата алдыга жылуу болду. Ушунун негизинде пландоо жана ишке ашырууну улантуу үчүн Түркияда бир «АКШ -Түркия биргелешкен кыймыл борборун» курууну максат кылуудабыз. Коопсуздук механизми баскыч түрүндө ишке ашат. АКШ кээ бир кадамдарды дароо таштоого даярданууда жана бул маселелер Түркия менен сүйлөшүү улантылууда».

АКШ аскердик жетекчилери менен улуттук коргоо министрлигинен 5 – 7 - августта жолугушуулар өткөрүлгөн. Жолугушууда Түркиянын коопсуздук тынчсызданууларынжок кыла турган биринчи баскычта көрүлө турган чаралардын эртерээк ишке ашырылышы, ушунун негизинде коопсуз аймактын курулушунун АКШ менен координациялуу жана башкаруу үчүн Түркияда биргелешкен кыймыл борборунун кыска убакытта курулушу тууралуу макулдашуу түзүлгөн.

Түркия жана АКШ аскердик жетекчилер тарабынан коопсуз аймагынын бир тынчтык коридорунун болушу жана жерлеринен чыккан сириялыктардын өлкөлөрүнө кайтышы үчүн түрдүү кошумча чаранын көрүлүшү тууралуу да келишим түзүлгөн.



Тектеш кабарлар