Президент Эрдоган менен Укрианын президенти Зеленский пресс - жыйын өткөрүштү
Украинанын президенти : «Түрк ишкерлерин Украинага чакырам. Иш алып баруу үчүн сиздерге жеке өзүмдүн атымдан кепилдик бере аламын»,- деди.
Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын Крымдын мыйзам тышы аннекциясын таныбагандыгын жана таныбай тургандыгын билдирди.
Эрдоган президенттик комплексинде расмий сапар менен Анкарага келген Украианын президенти В. Зеленский менен биргелешкен пресс - жыйын өткөрдү.
Президент Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө : Түркия Крымдын мыйзам тышы аннекциясын таныган жок жана таныбайт»,- деди. Эрдоган : «Тектештерибиздин тарыхый ата мекени Крымда жашоону улантышы, күбөлүктөрүнүн жана маданияттарынын сакталышы, негизги укук жана эркиндиктеринин ишеним астына алынышына алдыңкылык берүүнү улантабыз»,- деди.
Конок президент Зеленский да Эрдоганга Түркиянын Крым маселесиндеги саясатынан улам ыракмат айтты.
Зеленский сөзүндө : «Украинанын жеринин бүтүндүгү тууралуу өзгөрбөгөн мамилеңизден улам ыракмат айтам»,- деди.
Зеленский Түркияны жакшы коңшу, жакын дос жана негизги стратегиялык өнөктөш катары мүнөздөп Түркия менен карым - катнаштарга чоң маани бергендигин билдирди.
Украинанын президенти өзгөчө : «Түрк ишкерлерин Украинага чакырам. Иш алып баруу үчүн сиздерге жеке өзүмдүн атымдан кепилдик бере аламын»,- деди.