Түркия F-35 темасындагы милдеттерин кемчиликсиз аткарды

Исмаил Демир АКШнын Түркияны F-35 программасынан чыгаруу чечимине байланыштуу баш калаа Анкарада журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1238346
Түркия F-35 темасындагы милдеттерин кемчиликсиз аткарды

 

Президенттик аппараттын коргонуу өнөр жайы башкармалыгынын башчысы Исмаил Демир, Түркиянын F-35 темасындагы милдеттерин кемчиликсиз аткаргандыгын айтты.

Демир АКШнын Түркияны F-35 программасынан чыгаруу чечимине байланыштуу баш калаа Анкарада журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Ал мунун бир тараптуу токтотуу чечими экенин белгилеп: «Макулдашууларда орду жок чечим болуп саналат. Такталуусун күтүп жатабыз. Токтотуу сөзү айтылып жатат, чыгаруу сөзү эмес. Чыгартылуунун өзүнө таандык жоболору болушу мүмкүн, ал планда жок»,-деп айтты.

Исмаил Демир Түркиянын четтетилген учурда ар бир учак үчүн 7-8 миллион доллардан ашык чыгым болоорун билчү.

Түркиянын альтернативаларды карап чыгууну уланта туранын жана ар түрдүү тандоонун үстөлдө экенин баса белгилеген Демир, жергиликтүү аскердик учак долбоорунун да ылдам уланып жатканын жана дагы да ылдамдай турганын айтты.  



Тектеш кабарлар