Рум башкаруусунан Түркия менен кызматташуу түзүү тууралуу маалымат

Түштүк Кипр Түрк Рум башкаруусу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын «суу тек тууралуу биргелешкен комитет» куруу сунушун четке каккан.

1238064
Рум башкаруусунан Түркия менен кызматташуу түзүү тууралуу маалымат

Түштүк Кипр Рум башкаруусунун тышкы иштер министри Никос Христодолидис Түркия менен кызматташтык түзүүнүн Чыгыш Жер Ортолук деңизде бардык тараптардын пайдасына болорун айтты.

Суу тек булактарынын башкарылышы тууралуу кипрдык түрктөрдүн сунушун четке каккан Рум бөлүгүнүн тышкы иштер министри Христодолидис «Экономист» журналынын салттык түрдө Грецияда өткөргөн конференциясында сөз сүйлөдү.

Христодолидис Түштүк Кипрдын чечүүчү жол жана жакшы кызматташууну максат кылгандыгын айтып : «Түркия менен кызматташуу бардык тараптардын пайдасына болот»,- деди. Христодолидис диалог жана байланыштан башка бир ыктымалдын жок экендигин баса белгилеп : «Бир гана Түркия менен диалог жолу аркылуу аймактагы маселелерге кандай жол табарыбызга чечим чыгара алабыз. Географияны өзгөртө албайбыз, аймактагы маселелерге аймактын өлкөлөрү менен чечүүчү жол табууга мажбурбуз»,- деди.

Түштүк Кипр Түрк Рум башкаруусу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын «суу тек тууралуу биргелешкен комитет» куруу сунушун четке каккан.

Аймакка төртүнчү кеменин жиберилерин билдирген Түркия «Фатих» бургулоо кемеси менен Чыгыш Жер Ортолук деңизде өз аянтында; Барбарос Хайреддин Паша сейсмикалык изилдөө кемеси жана «Явуз» бургулоо кемеси менен да Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Түрк нефтилер акционердик өнөктөштүгүнө уруксат берген аянттарда сейсмикалык изилдөө жана бургулоо иштерин улантууда.

 

 

 



Тектеш кабарлар