Түркия АКШны эки тараптуу карым- катнаштарга зыянын тийгизе турган кадамдардан алыс турууга чакырды

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Морган Ортагуска жазуу түрүндө жооп берди.

1233488
Түркия АКШны эки тараптуу карым- катнаштарга зыянын тийгизе турган кадамдардан алыс турууга чакырды

Түркия АКШны эки тараптуу карым- катнаштарга зыянын тийгизе турган кадамдардан алыс турууга чакырды.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Морган Ортагустун Түркиянын Орусиядан абадан коргонуу системасы С- 400дөрдү алуусуна байланыштуу сөздөрүнө жазуу түрүндө жооп берди.

Аксой жообунда Ортагустун билдирүүсүнүн президент Р. Т. Эрдоган менен АКШнын президенти Дональд Трамптын Чоң жыйырмалар саммитинде өткөргөн сүйлөшүүсүнүн мазмуну менен дал келбегендигин айтты.

«Түркияны С- 400дөрдү алууга багыттаган шарттар ортодо»,- деген Аксой Трамптын да Чоң жыйырмалар саммитинде муну тактагандыгын жана Түркияга адилеттүү мамиленин жасалбагандыгын ачыкча белгилегендигин эске салды.

Аксой сөзүн төмөнкүчө улантты : «Биз процесстин башынан бери бул теманы так түрдө жүргүздүк. АКШнын С- 400 системасынын Ф- 35 системаларына зыянын тийгизери тууралуу тынчсызданууларын жоюу үчүн НАТО да катыша ала турган техникалык иш алып баруу группасынын курулушун сунуш кылдык бирок бул сунушубузга азыр да жооп ала элекпиз. АКШ тарабын дипломатия жана диалогду четке кагуу менен карым- катнаштарга зыянын тийгизе турган жаңылыш кадамдарды таштоодон алыс болууга чакырабыз».

Ортагус кечээ бир маалымат берип министрлик катары Түркиянын С- 400 системаларын сатып алышы жана ыктымалдуу санкциялар тууралуу бир өзгөрүүнүн жок экендигин айткан.



Тектеш кабарлар