Түркия Ооганстанда болгон кол салууларды катуу айыптады

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында Түркиянын терроризм менен күрөшүүдө Ооганстанды колдоосун уланта турганы белгиленди.

1232000
Түркия Ооганстанда болгон кол салууларды катуу айыптады

Түркия, Ооганстандын борбор шаары Кабулда жана Газне провинциясында  болгон террордук кол салууларды айыптап ооган калкына көңүл айтуусун билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында Түркиянын терроризм менен күрөшүүдө Ооганстанды колдоосун уланта турганы белгиленди.

Ооганстанда тынчтык түзүлүшү үчүн тийиштүү тараптардын сүйлөшүүлөрү күчөтүлгөн бул мезгилде, эң акыркы жолу Кабул жана Газнеде болгон террордук кол салууларында көп сандаган киши каза болгонуна жана жаракат алганына терең кайгырганы белгиленген билдирүүдө, «Мектептерде билим алып жаткан бейкүнөө балдардын дагы каза болушуна алып келген террордук кыймылдарын катуу айыптайбыз, тууган ооган калкына кайрат айтабыз»,делди.

Ооганстандын Газне провинциясындагы Улуттук чалгындоо башчылыгынын имаратына бомба жүктөлгөн унаа менен кол салууда 12 киши каза болуп, 179 киши жаракат алган.

Борбор шаар Кабулда да эки прокурорго карай куралдуу кол салуу болуп, бир прокурор каза тапкан.



Тектеш кабарлар