Хулуси Акар япон кесиптеши менен жолугушту

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы коргонуу жана коопсуздук кызматташуу темалары каралды.

1228094
Хулуси Акар япон кесиптеши менен жолугушту

 Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Япониянын коргоо министри Такеши Ивая менен жолугушту.

Улуттук коргоо министрлигинин твиттер эсебинен берилген маалыматка караганда президент Р. Т. Эрдоганды Япониянын Осака шаарында катышкан Чоң жыйырмалардын лидерлер саммитинде коштогон министр Акар делегация менен Токиого барды.

Япониянын коргоо министрлигинде кесиптеши менен жолугушкан Акар аскердик азем менен кабыл алынды. Министр Акар андан кийин Такеши Ивая менен делегациялар аралык жолугушууга жетекчилик кылды. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы коргонуу жана коопсуздук кызматташуу темалары каралды.



Тектеш кабарлар