Түркиянын мыкты деңгээлдеги сүзүү аянттары

Түркиянын 921 сүзүү аянты мыкты деңгээлде.

1226835
Түркиянын мыкты деңгээлдеги сүзүү аянттары

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа Кара деңиз, Эгей, Жер Ортолук деңиз жана Мрамор аймагынын жээктери менен көлдөрдө  жүргүзүлгөн анализдерде 921  сүзүү аянтынын «А классында» деп баа берилгендигин билдирди.

Фахреттин Кожа берген жазуу түрүндөгү маалыматта туризм сезонунда жергиликтүү жана чет элдик коноктордун эс алуусун жакшы өткөрүшү үчүн тийиштүү министрликтер жана муниципалитеттер менен кызматташуу ичинде иштөөнү улантып жатышкандарын айтты.

Элдин саламаттыгын коргоо максатында сүзүүгө боло турган аянттардын бактериологиялык сапатын ликтөө иштеринин саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жүргүзүлгөндүгүн белгилеген Кожа жыл сайын адис жана тажрыйбалуу топтор тарабынан сүзүү сезонунда 34 облустагы элге ачык пляждарда иликтөө иштеринин жүргүзүлгөндүгүн билдирди.

Облустук саламаттык сактоо директорлуктарынын элге ачык пляждарда  15 күндө бир алынган бактериологиялык үлгүлөргө көңүлдөрдү бурган Кожа үлгүлөрдүн министрликтин лабораторияларында иликтенгендигин айтып буларды белгиледи: «Бир жылдын ичинде Кара деңиз, Эгей, Жер Ортолук деңиз жана Мрамор аймагынын жээктери менен көлдөрүбүздө 1291 иликтөө жеринен үлгүлөр алынды жана жалпы 41 миң 475 анализ жүргүзүлдү. Ушуга караганда 921 сүзүү аянты А классы мыкты, 296 сүзүү аянты В классы жакшы, 62 сүзүү аянты С классы тактап айтканда сүзүүгө болбой турган жерлер катары аныкталды. D классы тактап айтканда сууга кирүүгө тыюу салынган жерлер деп мүнөздөлө турган аянттар жок».

Министр Кожа иликтөө иштеринин Түркиянын туризми үчүн абдан маанилүү болгон Эл аралык Көгүлтүр Байрак программасына да салым кошкондугун баса белгиледи.

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бактериологиялык жактан иликтенген пляждардын 463нүн көгүлтүр байрак сыйлыгын алгандыгына көңүлдөрдү бурган Кожа бул санды өстүрүү үчүн иштердин улантылып жаткандыгын да айтты.

 

 

 



Тектеш кабарлар