Түркиянын "Явуз" бургулоочу кемеси узатылды

Эрдоган, Кожаэлинин Диловасындагы Белде портунда өткөрүлгөн «Явуз» бургулоочу кемесин узатуу прогрмаммасынын ачылышына жазуу түрүндө билдирүүсүн жөнөттү.

1222272
Түркиянын "Явуз" бургулоочу кемеси узатылды

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Түркиянын аймакта өз кызыкчылыктары менен бирге Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) кызыкчылыктарын да коргоосун уланта турганын белгилеп, «Бүгүн (Чыгыш Жер Ортолук деңизге) узатуу аземин ишке ашырганыбыз «Явуз» кемеси, Түркиянын бул чечкиндүүлүгүнүн эң так, эң даана белгиси»,-деди.

Эрдоган, Кожаэлинин Диловасындагы Белде портунда өткөрүлгөн «Явуз» бургулоочу кемесин узатуу прогрмаммасынын ачылышына жазуу түрүндө билдирүүсүн жөнөттү.

Билдирүүсүндө, бүгүн Чыгыш Жер Ортолук деңизге узатылып жаткан «Явуз» кемесине жана экипажына ушул милдеттенген тарыхый кызматында ийгилик каалаган Эрдоган, Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги энергия булактарына берки жээктеш мамлекеттер сыяктуу ТКТРнын да укук жана кызыкчылыктары бар экенин белгилеп өттү.

Эрдоган, эл аралык укуктан келип чыккан бул  укуктарынын корголушунун кепил үч өлкөдөн бири болгон Түркиянын да алдыңкы милдети экенине көңүл буруп, «Түркия ушул убакка дейре болгону сыяктуу мындан кийин дагы өз кызыкчылыктары менен бирге ТКТРнын кызыкчылыктарын дагы коргоосун улантат. Бүгүн (Чыгыш Жер Ортолук деңизге) узатуу аземин ишке ашырганыбыз «Явуз» кемеси, Түркиянын бул чечкиндүүлүгүнүн эң так, эң даана белгиси болуп саналат. Буюрса жакынкы бир убакта учурда аймакта орун алган «Фатих» кемебизден жана «Явуз» кемебизден сүйүнчү кабарын ала турганыбызга ищенемин»,-деди.

Энергетика жана жаратылыш ресрустары министри Фатих Дөнмез, «Явуз» бургулоочу кемесин узатуу програмамсына катышты.

Программада сөз сүйлөгөн министр Дөнмез: «Кипрдин Рум бөлүгү, аралдын толугуна тийиштүү эч бир темада чечим чыгара албайт, сөз ээси дагы боло албайт»,-деди.

Казына жана каржы министри Берат Албайрак дагы жол тарткан «Явуз» кемеси тууралуу Твиттерден маалымат бөлүштү.

Албайрак: «Өлкөбүз жана улутубуздун кызыкчылыктары үчүн керектүү бардык кадамдарды таштоону улантабыз. «Фатихтен» кийин экинчи изилдөө-бургулоо кемебиз «Явуз» да бүгүн Жер Ортолук деңизге бет алды»,-деди.

«Явуз», Түркиянын «Фатихтен» кийинки экинчи бургулоочу кемеси болуп саналат.

Дүйнө жүзүндө бул кемеден 16 даана бар, анын экөөсү Түркияныкы. 12200 метр тереңдикке чейин бургулоо жасай алган кеменин узундугу 229,6 метр, кеңдиги 36 метр, бургулоо мунарасынын бийиктиги 130 метр.

«Явуз» жашоо аянты менен дагы иштегендерге жакшы мүмкүнчүлүк тартуулоодо.

Кеменин ичинде кино залы, спорт залы, эс алуучу бөлмөлөрү жана 4 орундуктуу кичине ооруканасы менен толук иштөөчү бир доктуру бар.

Бул кеме мындан мурда Танзания, Кения, Малайзия, Филиппин баш болгон ар башка өлкөлөрдө кызмат кылган.

Кемеде «Dynamic Positioning» системасы бар. 6 метрге чейинки толкундарда бургулоо иштей берет. Техникалык өзгөчөлүктөрү жагынан «Фатих» бургулоо кемеси менен бирдей.



Тектеш кабарлар