Түркия АКШга ФЕТӨгө байланыштуу жаңы далилдерди тапшырды

Адилет министри Абдулхамит Гүл маалымат берди.

1217671
Түркия АКШга ФЕТӨгө байланыштуу жаңы далилдерди тапшырды

 

Түркиянын адилет министри Абдулхамит Гүл АКШлык кесиптеши Уильям Баррга, Фетуллахчы террор уюмунун корбашчысынын тапшырылышына байланыштуу жаңы далилдерди бергендерин айтты.

Министр Гүл, Фетуллахчы террор уюму темасындагы Түркиянын баардык тезистерин кесиптештерине биринчи колдон тапшыргандарын баса белгиледи.

Гүл буларды айтты: «Түркия үчүн өтө маанилүү тема болгон ФЕТӨнүн корбашчысынын тапшырылышы процессин кеңири сүйлөштүк. 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракети менен ФЕТӨнүн байланышын ортого салган далилдерди жана документтерди алар менен бөлүштүк. Бул жаңы жана маанилүү далилдерди түздөн-түз урматтуу министрге тапшырдык. Урматуу министр да жеке өзү бул темага байкоо сала турганын, процессти жеке өзү карай турганын айтты. Бул теманын күтүлгөндөй жыйынтыкталаарына ишенемин»,-деди.

Министр Гүл Баррдын тажрыйбалуу укукчу экенин, ФЕТӨгө байланыштуу бул далилдерди министрлик деңгээлинде ага түздөн-түз тапшыруунун да процессти тездетүү жагынан маанилүү экенин айтты.



Тектеш кабарлар