Түркия, Кипр Рум бөлүгүнүн Кипр түрктөрүнүн укуктарын тартып алган учурунда керектүү жооптуу берет

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой, Кипрдин Рум Башкаруучлугунун «Фатих» бургулоо кемесинде иштегендерди кармоо чечимин чыгарганы жөнүндөгү кабарлар тууралуу маалымдоо жасады.

1216030
Түркия, Кипр Рум бөлүгүнүн Кипр түрктөрүнүн укуктарын тартып алган учурунда керектүү жооптуу берет

Түркия, Кипр Рум бөлүгүнүн Кипр түрктөрүн жокко чыгарып жана  укуктарын тартып алып кыймыл кылуу иш-аракетинде болгон учурунда керектүү жооптуу бере турганын жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой, Кипрдин Рум Башкаруучлугунун «Фатих» бургулоо кемесинде иштегендерди кармоо чечимин чыгарганы жөнүндөгү кабарлар тууралуу маалымдоо жасады.

«Кипр Түрктөрүн жокко чыгарып жана алардын укуктарын тартып алып кыймыл кылган Кипрдин Рум бөлүгүнүн бул ченемсиз чечими туура болсо, биз тараптан эч кандай жарактуулугу жана күчү болбойт»,-деп айткан Аксой, ушундай мамиледе болгон учурунда керектүү жооптуу бере тургандарынан эч ким шек санабоосу керектигин белгилеп өттү.

Аксой: «Кипр Рум бөлүгүнүн өзүнө таандык болгонун айтып чыккан жана эл аралык укукка жараша чек коюлган деңиз аянты үчүн жалган улуттук долбоор менен мындай түрдө чечим чыгаруусу эл аралык укукка дал келбейт. Ушул себептен биз дагы тийиштүү мекемелерибиз менен бирге керектүү каршы укуктук процессти баштатабыз»,-деди.

Аксой: «Кипр Рум бөлүгүнүн мындай түрдөгү пайдасыз ыкмалар менен өз жээк суу аянтыбызда жасап жаткан иштерибизди токтотуу аракеттери эч кандай натыйжа бербейт. Түркия өзүнүн жээк сууларындагы укуктарын коргоо жана Аралдын тең ортогу болгон Кипр Түрктөрүнүн укуктарын коргош үчүн мунай зат жана жаратылыш газ издөө/бургулоо иштерин, пландалганы сыяктуу чечкиндүүлүк менен улантат»,-деп айтты.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челик дагы социалдык медиа каражаты Твиттер барагынан берген маалыматында, «Кипрдин Рум башкаруучулугунун Кипр Түрктөрүнүн укуктарын басып алуусуна уруксат бербейбиз. Кипр Түрктөрүнүн жокко чыгарылышы же укуктарын тартып алууга аракет кылынышы пайдасыз саясат болуп саналат»,-деп бөлүштү.



Тектеш кабарлар