Эрдоган Улуттук курама футбол командасын куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган жана тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Францияны жеңген Улуттук курама футбол команданы куттукташты.

1215222
Эрдоган Улуттук курама футбол командасын куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Европа футбол чемпионатынын тандоо оюндарында акыркы дүйнө чемпиону Францияны уткан "А" улуттук курама футбол командасын жеңиши менен куттуктады.

Ай-жылдыздуу команданын жеңишинен кийин президент Режеп Таййип Эрдоган, социалдык медиа барагынан кубанычын бөлүштү.

Эрдоган бөлүшүүсүндө "Кут болсун Түркиям!" деп жазып улуттук курама футбол командасынын жеңиш сүрөтүн койду.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын футболдон кийин Түркия Футбол федерациясынын төрагасы Нихат Өздемирге телефон чалып футболчуларды жана машыктыруучусу Шенол Гүнешти куттуктаганы маалым болду.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу дагы Францияны утуп алган "А" улуттук курама футбол командасын куттуктады.

Чавушоглу Твиттер барагынан бөлүшүүсүндө, "Аянтта дагы үстөлдө дагы күчтүүбүз. Акыркы дүйнө чемпиону Францияны уткан улуттук курама футбол командабыз менен сыймыктанабыз. Tebrikler #Millitakım.Teşekkürler  #Konya",-деп жазды.


Этикеткалар: #Эрдоган , #Футбол

Тектеш кабарлар