«Чеңгел» операциясында жок кылынган террористтердин саны 43кө жетти

Ирактын түндүгүндөгү Хакурк жана Зап аймактарына операция жүргүзүлдү.

1214114
«Чеңгел» операциясында жок кылынган террористтердин саны 43кө жетти

Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга карай уланып жаткан «Чеңгел» операциясында 3 террорист, Зап аймагына абадан жүргүзүлгөн операцияда 2 террорист жок кылынды.

Улуттук Коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Ирактын түндүгүндөгү Хакурк аймагында ийгиликтүү уланган «Чеңгел» операциясында жикчил террордук уюмга мүчө дагы 3 террористтин жок кылынганы маалымдалды.

Кыймыл башталгандан бери жок кылынган террорист саны 43кө жетти.

Бир тараптан Ирактын түндүгүндөгү Зап аймагында белгиленген жикчил террордук уюм ПККга мүчө 2 террорист да абадан жүргүзүлгөн операция менен жок кылынды.



Тектеш кабарлар