Түркиянын АКШга С-400 боюнча сунушу
Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
![Түркиянын АКШга С-400 боюнча сунушу](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/42eb/ee27/40fc/5ceeac112e944.jpg?time=1718761390)
Түркия АКШга С-400 абадан коргонуу системасы туурасында биргелешкен жумушчу топ түзүлүүсү сунушун кайталады.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Президенттиктин байланыш башчысы Фахреттин Алтун, телефондогу сүйлөшүү тууралуу социалдык медиа барагынан жарыялады.
Эрдоган жана Трамптын телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөнүн белгилеген бөлүшүүсүндө Алтун: «Сүйлөшүүдө эки тараптуу жана аймактык маселелер каралды. Президентибиз (АКШга) улуттук коопсуздугубуздун талабы катары Орусиядан алынышы пландалган С-400 абадан коргонуу системасы туурасында биргелешкен жумушчу топ түзүлүүсү сунушун кайталады»,-деди.
Алтун айрыкча, «Сүйлөшүүдө, болот секторуна карай кошумча салыктын жоюлуусуна ыраазычылык билдирилип, бул чечимдин 75 миллиард доллардык эки тараптуу соода максатына жетилишине салым кошо турганы баса белгиленди»,деп бөлүштү.
Фахреттин Алтун, эки лидердин 28-29-июнь күндөрүндө Японияда өтө турган Чоң жыйырмалык (G-20) саммитинин алкагында жолугушуу боюнча макулдашышты.