Президент Эрдоган "Пенче" операциясында аскерлерге ийгилик каалады

Президент Эрдоган түрк куралдуу күчтөрүнүн Хакрук аймагындагы террористтерге карата операциясына байланыштуу маалымат берди.

1209782
Президент Эрдоган "Пенче" операциясында аскерлерге ийгилик каалады

Президент Р. Т. Эрдоган Ирактын түндүгүндө уя салган жикчил террордук уюмга абадан жана кургактыктан «Пенче операция планын» баштаган аскерге ийгилик каалады.

Президент Эрдоган түрк куралдуу күчтөрүнүн Хакрук аймагындагы террористтерге карата операциясына байланыштуу маалымат берди.

Эрдоган социалдык медиа эсебинен берген маалыматта : «Террордук уюм ПККга көз ачтырбаган каарман Мехметчиктерибизге чек аранын ары жагындагы бул кыйын операцияда ийгилик каалаймын. Дуаларыбыз силер менен Алла жардамчысы болсун»,- деди.

Улуттук коргоо министрлигинен эрте мененки сааттарда берилген маалыматта Пенче операция планынын негизинде кечээ түштөн кийин кургак жер күчтөрүнүн артеллериялык батареялары жана аба күчтөрү командирлиги тарабынан Ирактын түндүгүндө террористтер уя салган аймактарга атуулардын болгондугу, андан кийин десанттык бригада тарабынан кургак жер кыймылынын баштатылгандыгы билдирилген.



Тектеш кабарлар