Эрдоган: «Маданият, искусство жана спорт улуттун орток баалуулуктары болуп эсептелет»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, кечээ Стамбулдагы Долмабахче сарайында искусство чеберлери жана спортчулар менен жолуушуусунда аларга ыраазычылыгын билдирди.

1208322
Эрдоган: «Маданият, искусство жана спорт улуттун орток баалуулуктары болуп эсептелет»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, кечээ Стамбулдагы Долмабахче сарайында искусство чеберлери жана спортчулар менен жолукту.

Эрдоган, өлкөнүн искусствосуна жана спортуна кошкон салымдарынан улам искусство чеберлери жана спортчуларга ырааазычылыгын билдирди.

Маданият, искусство жана спорт улуттун орток баалуулуктары болгонун белгилеген Эрдоган, ошондуктан маданият, искусство адамдары менен спортчулардын чыгарган чыгармалары жана ийгиликтери менен бүтүндөй улутту өкүлдүк кылган кишилер экендигине басым жасады.

Бул үчүн искусство чеберлери жана спортчуларды ар дайым алаканда көтөрүүнүн, абройлорун жогорулатуунун, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн иш-аракетин кылгандарын айткан Эрдоган, маданий иш-чараларга бөлүнгөн мамлекеттин колдоосун 2002-жылга салыштырмалуу 50 эсе арттыргандарын, бир гана кино тармагына көрсөтүлгөн колдоолордун көлөмүн 40 эседен көп жогорулаткандарын айтты.

Түркиянын эң заманбап опера стандарттарындагы имаратынын, Президенттик Конгресс жана маданият борбору болгонун да белгилеген Эрдоган, Таксимде да Стамбулдун даңазасына жарашкыдай түрдө опера жана маданият борборун куруп жаткандарын эске салды.

Эрдоган: «Өзгөчө абал болуп кетпесе 2021-жылы Таксимдеги, мурдагы аталышы менен «Ататүрк» маданият борборун буюрса опера имараты катары ачкан болобуз»,-деди.

Спортчулар үчүн дагы абдан маанилүү колдоо жана инфраструктура тейлөөлөрүн ишке ашыргандарын баса белгилеген Эрдоган, бүгүнкү күндө Түркиянын спорт комплекстери жагынан сыймыктана тургандай деңгээлге жеткенин, лицензиялуу спортчу санынын 280 миңден 9 миллионго жетип ашканын айтты.



Тектеш кабарлар