Түркия менен Грециянын коргоо министрликтеринин ортосунда сүйлөшүүлөр улантылууда

Грециянын коргоо министри Евангелос Апостолакис : «Биз бул каналдарды ачык кармайбыз жана мыкты жыйынтык алуу үчүн аракетибиз улантылат»

1207385
Түркия менен Грециянын коргоо министрликтеринин ортосунда сүйлөшүүлөр улантылууда

 Грециянын коргоо министри Евангелос Апостолакис Түркия менен коргоо министрликтеринин делегацияларынын арасында улантылып жаткан сүйлөшүүлөр тууралуу : «Биз бул каналдарды ачык кармайбыз жана мыкты жыйынтык алуу үчүн аракетибиз улантылат»,- деди.

Апостолакис грек деңиз флотуна таандык Скарамангас жана Елефсине кеме жасоочу жерлерине барганда берген маалыматында Түркия менен Грециянын коргоо министрликтеринин арасында борбор шаар Афинада улантылып жаткан делегациялар аралык сүйлөшүүлөргө токтолду.

Эки тараптын арасында ишенимди бекемдөө чаралары боюнча сүйлөшүүлөрдүн улантылып жаткандыгын белгилеген Апостолакис : «Биз бул каналдарды ачык кармайбыз жана мыкты жыйынтыкты алуу үчүн аракетибизди улантабыз»,- деди.

Сүйлөшүүлөр менен аракеттердин мыкты атмосферада жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеген Апостолакис : «Бул ишенимди бекемдөөчү чаралардын ишке ашырылышы менен Эгейдеги араздашууну азайтууда ийгиликтүү болобуз жана бир кырсык же текшерүүнүн тышында чыгышы мүмкүн болгон абалдар үчүн тынчсызданууларды жойобуз»,- деди.

Грек министр : «Биздин делегациябыз да керек болгон учурда Түркияга бара алат»,- деди.

Коргоо министри Хулуси Акардын сүйлөшүүлөргө байланыштуу маалыматтарына баа берген Апостолакис : «Көрүнгөнүндөй араздашуу жана маселелердин азайтылышы тууралуу бирдей тынчсыздануудабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар