АКШнын басма сөзүндө орун алган Түркиянын С-400 алуусу жөнүндөгү айтымдар төгүнгө чыгарылды

Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран, АКШга жасаган сапарына баа берүү үчүн Түрк басма сөз мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди.

1206987
АКШнын басма сөзүндө орун алган Түркиянын С-400 алуусу жөнүндөгү айтымдар төгүнгө чыгарылды

Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран, АКШнын Түркияга Орусиядан С-400 абадан коргонуу системаларынын алынышы тууралуу чечим чыгарууга алдыдагы айдын башына дейре мөөнөт бергени боюнча айтымдарды төгүнгө чыгарды.

Тышкы иштер министринин орун басары  Кыран, АКШга жасаган сапарына баа берүү үчүн Түрк басма сөз мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди.

АКШнын Өкүлдөр Палатасынын тышкы иштер комиссиясында Түркиянын Орусиядан С-400 абадан коргонуу системаларын алуусуна каршы кабыл алынган долбоорго сереп салган Кыран: “Бул токтом долбоору менен бирге АКШда С-400 абадан коргонуу системасынын башкача бир чөйрөдө талкууланганын капа болуп байкоодобуз”,-деди.

Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран, өздөрү жолуккан Конгресстин 6 мүчөсүнө АКШнын Түркиянын абадан коргонуу муктаждыгына жооп бербегенин, Түркиянын С-400 алуудагы ылайыктуулугун, процесстин арка планын, бул сатып алуунун Вашингтон менен болгон стратегиялык карым-катнаштарына таасир этпей труганын айтып, «Бардык бул арка пландардын алкагында сенаторлордун жана Конгресс мүчөлөрүнүн убак-убагы менен таң калганына күбө болдук, бул арка планды билбегендиктерин көрдүк»,-деп айтты.

Түркиянын С-400 темасында АКШнын сезимталдыгын да эске алганын айткан Тышкы иштер министринин орун басары, АКШ бийлигинин бул тармакта техникалык жумушчу тобун түзүү сунушуна азырынча жооп бербегендигин билдирди.

Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран, АКШ медиасында орун алган, «АКШнын Түркияга С-400 алуу темасында июнь айынын башына чейин чечим чыгаруусу үчүн мөөнөт бергени» жөнүндөгү айтымдар тууралуу суроого жооп берип жатып, «Бизге расмий түрдө мындай нерсе келген жок»,-деп айтты.

Түркиянын С-400 темасында дагы деле мурдагысындай эле көз карашта болгонун белгилеген Кыран, мунун эми бүткөрүлгөн келишим болгонун жана тийиштүү адистердин билим алууларынын башталганын дагы маалымдады.



Тектеш кабарлар