Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин ФЕТӨ тууралуу билдирүүсү

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Министрликтен  Кыргызстандын муфтияты уюштурган ифтарга ФЕТӨнүн корбашчыларынын да чакырылышы тууралуу суралган суроолорго жазуу түрүндө жооп берди.

1200590
Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин ФЕТӨ тууралуу билдирүүсү

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Кыргызстандын муфтияты уюштурган ифтарга (ооз ачуу) ФЕТӨнүн (Фетуллахчы террордук уюму) корбашчыларынын да чакырылышынын кабыл алынгыс болгонун айтты.

Аксой, Министрликке бул тема тууралуу суралган суроолорго жазуу түрүндө жооп берди.

Басма сөз катчысы Аксой: «Кыргызстандын муфтиятынын 8-майда уюштурган ифтарга бул өлкөдөгү ФЕТӨ корбашчыларынын да чакырылган болуулары кабыл алынгыс. Ошондуктан ошол эле ифтарга чакырылган Бишкектеги элчибиз бул абалды байкап калыптыр жана керектүү укуктуу каршы чыгуусун көрсөттү»,деген пикирин билдирди.

ФЕТӨнүн чет өлкөдөгү уюмдашуулары менен күрөшүүнүн Түркиянын эң негизги приоритеттүү маселелеринен бири болгонуна басым жасаган Аксой: «Бул террор уюму туудурган коопсуздук коркунучу ФЕТӨ чардап жаткан өлкөлөрдөгү кесиптештерибизге көп жолу айтылды жана атайын түшүндүрүлүүдө. Бул темага досубуз болгон өлкөлөрдүн бир гана расмий органдарынын эмес, бүтүндөй улуттук мекемелеринин керектүү сезимтал мамилени көрсөтүүлөрүн күтүүдөбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар