Түркиянын тышкы иштер министринин элчилер менен жолугушуусу

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Кыргызстан, Сингапур жана Ирактын элчилери менен жолугушуу өткөрдү.

1201224
Түркиянын тышкы иштер министринин элчилер менен жолугушуусу
ÇAVUŞOĞLU-OMURALIEV.jpg
ÇAVUŞOĞLU-ALKATİB.jpg
ÇAVUŞOĞLU-JONATHAN TOW-13-5-19.jpg

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Кыргызстан, Сингапур жана Ирактын элчилери менен жолугушуу өткөрдү.

Чавушоглу Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушуу өткөрдү жана элчини жаңы кызматы менен куттуктап, ийгилик каалады.

Ошол эле күнү Сингапурдун элчиси Жонатан Тау менен жолуккан Чавушоглу, Сингапур менен карым-катнаштарыбыздын 50 жылдыгын белгилеп жатканыбызды жана ушул маанилүү мезгилде ийгилик каалаганын айтты.

Ошондой эле Чавушоглу, Түркиядагы кызматын аяктап жаткан Ирактын элчиси Махмуд Алкатиб менен да жолугуп, ийгиликтүү эмгектенгени үчүн ыраазычылыгын билдирди.



Тектеш кабарлар