Түркияда кеңири масштабдуу деңиз машыгуусу башталды

Денизкурду-2019 Анадолуну курчаган үч деңизде (Чыгыш Жер Ортолук деңиз, Эгей, Кара деңиз) 131 кеме, 57 учак жана 33 тик учактын катышуусу менен башталды.

1199930
Түркияда кеңири масштабдуу деңиз машыгуусу башталды

Республика тарыхынын эң ири пландуу машыгуусу Денизкурду-2019 (деңиз карышкыры) Анадолуну курчаган үч деңизде (Чыгыш Жер Ортолук деңиз, Эгей, Кара деңиз) 131 кеме, 57 учак жана 33 тик учактын катышуусу менен башталды.

Башкы штаб төрагалыгынын жылдык машыгуу программасынын алкагында Деңиз күчтөрү командирлиги тарабынан пландалган жана Деңиз аскердик согуш командирлиги тарабынан өткөрүлгөн жана башкарылган машыгуу, Кара деңиз, Чыгыш Жер Ортолук деңиз жана Эгей деңизи болуп 3 деңизде бир убакта алгач ирет аткарыла турган накта машыгуу катары ишке ашууда.

Оперативдүү деңгээлде кыймылга даярдык билим берүүлөрүн «Мави Ватан-2019» (көгүлтүр мекен) машыгуусу менен бүткөргөн Түрк деңиз күчтөрү, абдан кеңири катышуу менен дагы татаал кризис-чыңалуу, согуш мезгили сценарийлерине карай стратегиялык жана оперативдүү деңгээлдеги Деңиз курду машыгуусун ишке ашырууда.

Деңиз күчтөрү командирлигине караштуу бөлүк, кеме жана деңиз аба техникаларынын операцияларга даярдык деңгээлин арттыруу максаты менен ишке ашырлган Чыгыш Жер Ортолук деңизди камтыган бөлүмү, өнүккөн деңиз күчтөрүндө дагы сейрек кездешкен кеме, деңиз жээк күзөт учактары жана деңиз тик учактарынын жогорку катышуу катнашы менен ишке ашырылууда.

Чыгыш Жер Ортолук деңизде ишке ашырыла турган машыгууда кургактык бомбалоолорун атуулары менен «Чагылган» аттуу жогорку ылдамдыкта учуучу учкучсуз аппарат колдонулат жана «Альбатрос» деп аталган суу үстүндөгү буталарга каршы абадан коргонуу жана суу үстүнөн атууларды ишке ашырат.

Машыгуу 25-майда соңуна чыгат.



Тектеш кабарлар