Министр Ч.Айдарбеков тышкы иштер министри М.Чавушоглу менен жолукту

Чавушоглу менен Айдарбеков Түркия-Кыргызстан биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун 3-жыйынынын алкагында жолугуп, андан соң  маалымат жыйын өткөрүштү.

1196958
Министр Ч.Айдарбеков тышкы иштер министри М.Чавушоглу менен жолукту
AYDARBEKOV-ÇAVUŞOĞLU2.jpg
AYDARBEKOV-ÇAVUŞOĞLU3.jpg
AYDARBEKOV-ÇAVUŞOĞLU4.jpg
AYDARBEKOV-ÇAVUŞOĞLU5.jpg
AYDARBEKOV-ÇAVUŞOĞLU6.jpg

Кыргызстандан Түркияга расмий сапар менен келген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолукту.

Чавушоглу менен Айдарбеков Түркия-Кыргызстан биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун 3-жыйынынын алкагында жолугуп, андан соң  маалымат жыйын өткөрүштү.

Жолугушууда Чавушоглу, Түркия менен Кыргызстандын ортосунда билим берүү, маданият, саламаттык сактоо сыяктуу бир топ тармакта тыгыз кызматташтык болуп жатканына токтолду. Чавушоглу Кыргызстан менен соода көлөмүн 1 миллиард долларга жеткире тургандарын, аймактык жана эл аралык темаларда кызматташтыгыбызды күчтөнтүү менен бирге бардык террордук уюмдарга каршы биргелешип күрөшө тургандарына басым жасады.

Министр Айдарбеков болсо Түркия менен Кыргызстандын ортосунда быйыл бир топ расмий жолугушуулар боло турганын белгиледи.

Айдарбеков, кесиптеши Чавушоглунун чакыруусу жана жылуу тосуп алуусуна ыраазычылыгын билдирип, «Кесиптешим Чавушоглу менен бирге абдан маанилүү, актуалдуу жана эки тараптын тең кызыкчылыгы болгон маселелер темасында сүйлөштүк жана тийиштүү кадамдардын таштала турганы темасында чечим чыгардык. Эки өлкө президенттери бир жылда 4 жолу жолугушту. Мунун экөө расмий сапар болду. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков апрель айында Түркияга расмий сапар жасаса, президент Режеп Таййип Эрдоган сентябрь айында Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул жолугушууларда бир топ маанилүү келишимдерге кол коюлду. Ошол түзүлгөн келишимдерди жүзөгө ашырыш үчүн бүгүн биз баа берүүбүздү жасап иштерибизди уланттык»,-деп айтты.

Эки өлкөнүн парламент төрагаларынын өткөн жылы 3 жолу жолуккандарын эске салган Айдарбеков, быйыл Кыргызстан парламентинин төрагасынын Түркияга расмий сапары болоорун айтты.

«Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда быйыл бир топ расмий жолугушуулар болот»,-деп айткан Айдарбеков: «Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун расмий сапары туурасында сүйлөшүү жүргүздүк, так күнүн дипломатиялык каналдар аркылуу билдиребиз. Андан тышкары Түркия-Кыргызстан Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин бешинчи жыйналышынын ишке ашырылышы жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын расмий сапары тууралуу да сүйлөшүү өткөрдүк. Эки өлкөнүн ортосунда экономикалык, соода-сатык, адам ресурсу, аскердик жана маданий тармактардагы абдан түшүмдүү кызматташтыгыбыз уланууда. Ушуга байланыштуу быйыл эки өлкө үчүн тең абдан маанилүү болгон соода карым-катнаштарын карай турган өкмөттөр аралык отурумдун ишке ашырылышы көздөлүүдө»,-деди.

Айдарбеков, Түркия менен маданият тармагында абдан түшүмдүү кызматташтык бар экенин айтып: «Өзгөчө Бишкекте мындан мурда келишимдери түзүлүп ишке ашкан оорукана абдан маанилүү. Бул үчүн дагы ырахматымды айтамын. Андан тышкары Маариф фонду жана «Юнус Эмре» фондунун Кыргызстандагы ишмердүүлүгү тууралуу сүйлөшүүбүздү улантуудабыз»,-деп кошумчалады.

Министр Айдарбеков, Түрк улутун ыйык рамазан айы  менен куттуктап, Алла тааладан ден-соолук, эсендик жана бактылуулук тиледи.

Эки министр айрыкча «Түркия Республикасы менен Кыргыз Республикасынын  Өкмөттөрүнүн ортосунда атуулдарынын эки тараптуу саякаттары тууралуу 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган келишимге кошумча протоколго» кол коюшту.

 

 



Тектеш кабарлар