Акар менен Жеффри жолукту

Жолугушуу Стамбулда өткөрүлдү.

1193476
Акар менен Жеффри жолукту

Түркия АКШ менен Сирияда жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын басып алуусундагы Манбиж жана Евфрат дарыясынын чыгышын сүйлөштү.

Улуттук коргоо министри Хулиси Акар АКШнын Сирия боюнча атайын өкүлү Жеймс Жеффри менен жолугушту.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, министр Акардын АКШнын Сирия боюнча атайын өкүлү Жеймс Жеффри менен Стамбулда жолукканы белгиленди.

Билдирүүдө: «Жолугушууда Манбиж жана Евфраттын чыгышы менен катар Сириядагы акыркы кырдаал каралды»,-делди.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын да кечээ Жеймс Жеффри менен жолуккан эле.

Баш калаа Анкарада Президенттиктин комплексинде өткөрүлгөн Калын менен Жеффринин жетекчилигиндеги делегациялар аралык сүйлөшүүдө, Сирия маселеси каралган болчу.



Тектеш кабарлар